07:45
USD 84.80
EUR 99.12
RUB 1.17

УКМКнын кызматкерлери эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн кармады

УКМКнын кызматкерлери эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан чет элдик 5 жаран жана кыргызстандык 4 жаран кармалды. Алар Чүй облусунда ишмедүүлүгүн жүргүзүп келишкен. Колго түшкөндөр 2017-жылдан бери Ооганстан жана Сириядагы эл аралык террордук уюмдун катарына башкаларды тартуу менен алектенишкен.

Мындан тышкары алар Кыргызстанда жардырууларды уюштурууну көздөп жүрүшкөн. Учурда УКМК козголгон кылмыш иштин алкагында иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар