USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жети-Өгүз районунда ак илбирсти видеого тартып алышты

13:53, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы тоо өрөөндөрүнүн биринде жергиликтүү тургундардын коштоосунда жүргөн туристтер ак илбирсти видеого тартып алышып, тасманы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери менен бөлүшүштү.

Видео авторлорунун айтымында, атчан адамдарды көргөн ак илбирс дароо карагайлуу токойго кирип бекинип алган.

Блок YouTube

Белгилей кетсек, Кыргызстан ак илбирстин негизги байырлаган аймактарынын бири болуп саналат. Өлкөдө бул жырткычтын саны болжол менен 450-550 башты түзөт.

1990-жылдары популяциясы кескин кыскарганына карабастан, акыркы жылдары анын акырындык менен калыбына келип жатканы байкалууда. Ак илбирстин негизги байырлаган жерлери Ысык-Көл жана Нарын облустарында топтолгон.

Президенттин жарлыгына ылайык, ак илбирс өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18