USD87.44EUR95.46RUB1.07
24.kg

Нарын облусунда видеого үч ак илбирс тартылып калды

11:42, 11 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Нарын облусундагы мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында үч ак илбирсти видеого тартып алууга мүмкүн болду.

Табигый чөйрөдө байырлаган сейрек кездешүүчү жырткычтарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери коруктун аймагын изилдөө учурунда тартып алышкан.

Видеожазуудан үч ак илбирс тоонун боору менен анын чокусун көздөй жай баракат баратканын көрүүгө болот.

1794374034163-24d8b681-8038-49d7-9385-6c3c7e732382-whatsapp-image-2026-11-11-at-111110jpeg-optimized.webp

Ак илбирстин негизги байырлаган жерлерине Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет. Бул аймактарда жүргүзүлүп жаткан жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо иштери сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоодо маанилүү роль ойнойт.

Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири болуп саналат.

Ушуга кошумча, 2026-жылдын 23-октябрында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында Борбордук Азиядагы биринчи «Ак илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борбору ачылган. Борбордун ишмердүүлүгү ак илбирстерди изилдөөгө, сактоого жана коргоого багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18