Ак илбирстин эл аралык күнү жыл сайын 23-октябрда белгиленет.
Эске салсак, бул майрам 2013-жылдын 23-октябрында Бишкекте өткөн Ак илбирсти сактоо боюнча биринчи Бүткүл дүйнөлүк форумда негизделген, анда жырткыч байырлаган аймактагы 12 өлкөнүн өкүлдөрү Бишкек декларациясына кол коюшкан.
2024-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы бул күндү расмий түрдө эл аралык деп жарыялаган. Майрамдын максаты — сейрек кездешүүчү түрдү коргоого, браконьерликке каршы күрөшүүгө жана Борбордук жана Түштүк Азиянын бийик тоолуу экосистемаларын сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Франциянын Кыргызстандагы Элчилигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, Ак илбирстин эл аралык күнүндө Франция бул сейрек кездешүүчү жырткычты жана анын тоолуу жашоо чөйрөсүн сактоо максатында аймактык жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого лоялдуулугун ырастады. Бул Франция үчүн да, Кыргызстан үчүн да чоң мааниге ээ.
Бул жаныбарга болгон көңүлдү француз жаратылыш изилдөөчүлөрүнүн чыгармачылыгы да бурат. Жазуучу Сильвен Тессон жана фотограф Винсент Мунье ак илбирсти издөө үчүн Тибеттин бийик тоолуу аймактарына жөнөшкөн. Алардын саякаты «Ак илбирс» китебинде жана экспедицияга арналган отчетто чагылдырылган.
Мындан тышкары, Франция «Тоолор жана алар менен байланышкан тузсуз суу экосистемалары маселелери боюнча Ереван платформасынын» алкагында тоолуу аймактарды коргоого арналган иш-чараны өткөрөт. Ал COP17нин алкагында 2026-жылдын 27-октябрына пландаштырылган.
Демилге тоолуу аймактарды жана алар менен байланышкан табигый ресурстарды сактоо маселелери боюнча эл аралык диалогду чыңдоого багытталган.