Кар илбирсинин кичинекей күчүгү тоодогу автоматтык байкоо камерасына түшүп калып, сейрек кездешүүчү кадрлардын каарманы болду. Кичинекей жырткыч камерага өз алдынча келип, объективди абдан кызыгуу менен караган.
Андан кийин ал камеранын жанында дээрлик 25 минут бою кар үстүндө ойноп жүргөн. Кар илбирстери жашыруун жашоо образын алып барышат жана адамдар менен жолугушпоого аракет кылышат.
Ошондуктан аларды жаратылыштан, айрыкча күчүктөрүн көрүү өтө сейрек кездешет. Мындай видеожазуулар жапайы жаратылышты сүйүүчүлөр үчүн гана эмес, илимпоздор үчүн да чоң кызыгууну туудурат.
Фотокапандар изилдөөчүлөргө жаныбарлардын жашоосуна кийлигишпестен, сейрек кездешүүчү жырткычтардын жүрүм-турумун изилдөөгө, алардын жүргөн жерлерин көзөмөлдөөгө жана популяциянын абалы тууралуу маалымат алууга шарт түзөт.
Эске салсак, кар илбирси Кыргызстандын Кызыл китебине катталган жана эл аралык деңгээлде коргоого алынган. Бул түр үчүн браконьерлик, табигый тоют базасынын кыскарышы жана жашоо чөйрөсүнүн бузулушу негизги коркунучтар бойдон калууда.