USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын окумуштууларына төлөмдөр 100 пайызга жогорулатылат

10:49, 21 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта илимий даражалар үчүн эмгек акыга ай сайын кошулуучу кошумча акыны эки эсеге жогорулатуу сунушталууда. Бул максатка республикалык бюджеттен жылынакошумча 97 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, илимдин доктору даражасы үчүн кошумча акы айына 2 миң 700 сомдон 5 миң 400 сомго чейин жогорулайт. Илимдин кандидаттары, философия докторлору жана профили боюнча докторлор үчүн төлөмдөрдү 1 миң 350 сомдон 2 миң 700 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Ошентип, окумуштуулардын бардык категориялары үчүн кошумча акынын өлчөмү 100 пайызга өсөт.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, жогорулатуу 4 миң 968 илимий кызматкерге тиешелүү болот.

Алардын ичинде:

  • 1 миң 38 илимдин доктору;
  • 3 миң 662 илимдин кандидаты;
  • 268 философия доктору же профили боюнча доктор даражасынын ээлери бар.

Учурда кошумча акыларды төлөөгө жыл сайын 97 миллион 297 миң 200 сом талап кылынат. Жогорулагандан кийин чыгымдар 194 миллион 594 миң 400 сомго чейин өсөт.

Республикалык бюджеттин кошумча чыгымдары жылына 97 миллион 297 миң 200 сомду түзөт.

Документти иштеп чыгуучулар төлөмдөрдүн көбөйүшү окумуштуулардын изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий кадрларды даярдоого жана өлкөнүн илимий дараметин өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун арттырат деп эсептешет.

Мамлекеттик мекемелер үчүн каржылоо бюджеттен каралат, ал эми чарбалык эсепте иштеген уюмдар кошумча акыларды өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен төлөшү керек болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18