«Кыргызстандын аэропорттору» ишканасынын башчысы айлык акысы канча экенин айтты
«Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов 100 миң сомдон ашык айлык аларын, бирок үй-бүлөсү чоң болгондуктан бул каражат жетпей турганын айтты.
Ошол эле учурда анын бизнеси бар, бирок анын айтымында, ал аэропорттордун ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок.
«Менин бизнесим бар экенин жана жеке сектордон келгенимди баары билишет. Бирок ал аэропортко эч кандай тиешеси жок, мен ал жактан дивиденддерди алам», — деди Самидинов ЖМК өкүлдөрүнө.

Эске салсак, Манасбек Самидинов «Манас» эл аралык аэропорту» ААКты 2022-жылдын 6-июлунда жетектеп баштаган. Анда ал компаниянын башкармалыгынын төрагасы — башкы директору болуп шайланган. Кийинчерээк ишкана «Кыргызстандын аэропорттору» ААК болуп өзгөртүлгөн.