USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен реалдуу айлык акынын өсүшү боюнча Кыргызстан алдыда турат

08:32, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен реалдуу айлык акынын өсүшү боюнча Кыргызстан алдыда турат. Мындай маалыматтар Евразия экономикалык комиссиясынын материалдарында камтылган.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июль айына чейин Кырпгызстанда реалдуу эмгек акы 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 15,8 пайызга өстү. Бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Өлкөдөгү реалдуу эмгек акынын индекси 2025-жылдын январь — июль айларына карата 115,8 пайызды түздү.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Белоруссияда реалдуу айлык акынын индекси 107,7 пайызды, Россияда — 106 пайызды, Арменияда — 101 пайызды түздү. Ал эми Казакстанда реалдуу эмгек акы 0,6 пайызга төмөндөгөн.

Буга чейин Улуттук статистика комитети Кыргызстанда орточо айлык акы 2026-жылдын январь — июль айларынын жыйынтыгы боюнча 54 миң 864 сомго жеткенин кабарлаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18