USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда орточо эмгек акы 55 миң 525 сомго жетти

10:46, 16 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2026-жылдын январь — сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча орточо эмгек акы 55 миң 525 сомго жетти жана бир айдын ичинде 446 сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат жыйынында билдиришти.

Белгиленгендей, 2026-жылдын сентябрында (2025-жылдын сентябрына салыштырмалуу) бардык экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда бир айлык орточо номиналдык эсептелген эмгек акы 29,4 пайызга өскөн.

Жылдык инфляцияны эске алганда, анын өсүшү болжол менен 18 пайызды түзөт. Анын үстүнө бардык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алганда, колго тийген сумма мындан аз болот.

Эскерте кетсек, августта орточо эмгек акы 54 миң 79 сомду түзгөн. Расмий маалыматтар боюнча, бир айдын ичиндеги өсүш 0,81 пайызды түзгөн.

2026-жылдын сентябрынын жыйынтыгы боюнча эмгек акы төмөнкү тармактарда эң көп өскөн:

  • искусство, эс алуу жана эс алдыруу чөйрөсүндө — 1,6 эсеге;
  • саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө — 51,1 пайызга;
  • билим берүү — 47,6 пайызга;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 35,5 пайызга;
  • айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоо — 32,9 пайызга;
  • суу менен камсыз кылуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи сырьену алуу — 29,8 пайызга;
  • транспорттук ишмердүүлүк жана жүк сактоо — 25,1 пайызга;
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 23,3 пайызга;
  • курулуш — 22,6 пайызга;
  • административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — 21,9 пайызга.

2026-жылдын январь — октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча республикада расмий катталган жумушсуздардын саны 34,9 миң адамды түздү. Бул бир жыл мурункуга караганда 14,9 пайызга аз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18