Энергетика министрлиги: «Кышында электр жарыгы кыска мөөнөткө өчүрүлүшү мүмкүн»
Кыргызстанда алдыдагы жылытуу мезгилинде эң көп керектелүүчү (пик) сааттарда электр энергиясын берүүгө кыска мөөнөттүү чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде энергетика министринин биринчи орун басары Курсант Омурбеков билдирди.
Анын айтымында, энергетиктер авариялык өчүрүүлөрдүн такыр болбой тургандыгына кепилдик бере алышпайт, анткени жабдуулар иштен чыгып калышы ыктымал. Мындан тышкары, чектөөлөр электр энергиясы максималдуу керектелген мезгилдерде — эртең менен жана кечинде болушу мүмкүн.
«Бул сааттарда калк бир убакта көп өлчөмдө электр энергиясын керектейт, кубаттуулуктун жетишсиздиги жаралып, жабдууларга болгон күч келүү көбөйөт. Мындай учурларда биз, албетте, кыска мөөнөттүү чектөөлөргө барабыз», — деп түшүндүрдү министрдин орун басары.
Ал жылытуу сезонуна даярдык мурунку сезон аяктары менен дароо башталганын белгиледи. Энергетиктер жабдуулардын ишин талдап, түйүндөрдүн ашыкча жүктөлгөн тилкелерин аныктап, жабдууларды оңдоо жана алмаштыруу иштерин жүргүзүшкөн.
Мындан тышкары, жетишпеген электр энергиясынын көлөмүн жеткирүү боюнча коңшу мамлекеттер менен келишимдер түзүлгөн. Жылытуу сезонунун башталышы менен Кыргызстан аны импорттоого киришти.
Курсант Омурбеков кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга жана зарылчылыгы жок болсо көп энергия сарптаган приборлорду колдонбоого дагы бир жолу чакырды. Анын пикиринде, кубаттуулуктун тартыштыгын генерациянын көлөмүн көбөйтүү менен гана эмес, электр энергиясын керектөөнү кыскартуу менен да жарым-жартылай толуктоого болот.
Министрдин орун басары мүмкүн болуучу чектөөлөрдүн так узактыгын жана графигин жарыялаган жок