Кыргызстанда кышында электр жарыгы өчүрүлөбү? Энергетика министринин жообу
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышында Кыргызстанда электр энергиясында үзгүлтүктөр болбойт деп кепилдик бере алган жок. Анын айтымында, эртең мененки жана кечки керектөө мезгилинде кубаттуулуктун тартыштыгы келип чыгышы мүмкүн.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Депутаттар министрден кышында электр жарыгы өчүрүлөбү деп сурашканы менен так жооп ала алышкан жок.
Алтынбек Рысбековдун айтымында, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы сакталууда. Аны жабуу үчүн өлкө жыл сайын 4 миллиард киловатт-саатка жакын электр энергиясын импорттоп келет.
«Эртең мененки жана кечки керектөөнүн жогорку чектеги учурлары бар. Бул убакта кубаттуулуктун жетишсиздиги келип чыгышы мүмкүн. Мындай сааттарда биз электр энергиясын сатып алып жаткан өлкөлөрдө да бизге зарыл болгон көлөмдү жеткирип берүү мүмкүнчүлүгү болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан бул сааттарда кубаттуулук боюнча көйгөйлөр жаралышы ыктымал», — деп түшүндүрдү министр.
Ал кышкы мезгилге электр энергиясын пландаштырылган өчүрүүлөр жана чектөөлөр каралбаганын кошумчалады. Бирок жогорку керектөө сааттарда кошумча чаралар талап кылынышы мүмкүн.
Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстанда 10 миллиард 334 миллион киловатт-саат план коюлуп, иш жүзүндө 11 миллиард 314 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн.
15-октябрга карата электр энергиясынын импорту 2 миллиард 922 миллион киловатт-саатты түздү.