USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 1 жылдын ичинде дээрлик 30 пайызга өстү

10:12, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Элибизде электр энергиясын керектөө кыйла көбөйдү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу суткалык көрсөткүч 29,1 пайызга өстү. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электрикалык тармагы» ААК кабарлайт.

Компаниянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада электр энергиясын керектөө 66 миллион 22 миң киловатт-саатты түздү.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2025-жылдын 30-октябрында бул көрсөткүч 51 миллион 132 миң киловатт-саат болчу.

Ошентип, бир жылдын ичинде суткалык электр энергиясын керектөө 14 миллион 890 миң киловатт-саатка же 29,1 пайызга көбөйдү.

«Кыргызстандын улуттук электрикалык тармагы» кыргызстандыктарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга жана ресурстарды үнөмдөөгө чакырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18