USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыш алдыда, Кыргызстан азыртан эле электр энергиясын рекорддук көлөмдө сарптоодо

11:04, 06 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда суткалык электр энергиясын керектөө 64 миллион 391 миң киловатт- саатты түздү. Бул тууралуу Кыргызстан улуттук электр тармагы билдирет.

Октябрь айынын аягына салыштырмалуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, өлкөнүн энергосистемасына түшкөн күч катуу бойдон калууда.

Алсак, 30-октябрда керектөө 66 миллион 22 миң киловатт-саатка жеткен. Ошентип, бул көрсөткүчкө салыштырмалуу электр энергиясын сарптоо 1 миллион 631 миң киловатт-саатка же 2,47 пайызга азайган.

Муну менен катар, 27-октябрда керектөө 64 миллион 318 миң киловатт-саатты түзүп, иш жүзүндө азыркы деңгээлге дал келген.

Салыштыруу айтсак, 2025-жылдын 30-октябрында Кыргызстандын тургундары жана ишканалары 51 миллион 131 миң киловатт-саат керектешкен. Ушул жылдын октябрь айынын аягында көрсөткүч дээрлик 29 пайызга жогору болгон.

Улуттук электр тармагы күн сууктай баштаганда электр тармактарына түшкөн күч жогорулаарын белгилешет. Бул айрыкча эртең менен жана кечинде, бир эле учурда көп сандагы электр шаймандары күйгүзүлгөндө байкалат.

Энергетиктер калкка мүмкүнчүлүк болушунча бир нече кубаттуу электр шаймандарын бир убакта, айрыкча максималдуу күч келген (пик) сааттарда күйгүзбөөнү сунушташат.

Ошондой эле электр тармактарына түшкөн күчтү азайтуу жана күз-кыш мезгилинде алардын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн тургундарга электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу сунушталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18