USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте карыздарынан улам 5 миңден ашык абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

13:07, 23 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын 24-ноябрында Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 5,4 миңден ашык абонент аралыктан электр жарыгынан ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Ишкана ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Абоненттер жеке эсептеринин абалын ишкананын сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн, ал эми тургундар «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу текшере алышат. Ошондой эле күнү-түнү иштеген 105 номери жана WhatsApp аркылуу 0702 001209 номери менен байланышууга болот.

Электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, Megacom, O! , Оной терминалдары, электрондук капчыктар, банктардын кассалары жана «Кыргызпочтасы» аркылуу жүргүзүүгө болот.

Төлөмдөр реалдуу убакыт режиминде ишке ашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18