USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

501 пайызга өстү. Бишкек 2027-жылга карата туристтик рейтингде лидер болду

14:03, 16 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек 2027-жылга карата эң тез популярдуулукка ээ болуп жаткан туристтик багыттардын рейтингинде биринчи орунду ээледи. Skyscanner эл аралык платформасынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын борборуна авиабилеттерди издөө сурамдарынын саны бир жыл ичинде 501 пайызга өскөн.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилиги билдиргендей, рейтинг саякатчылардын дүйнөнүн ар кандай шаарларына болгон кызыгуусун талдоонун негизинде түзүлгөн. Бишкек башка багыттардан бир топ алдыга озуп чыкты.

Экинчи орунду Египеттеги Хургада шаары ээледи, ал жерде издөө сурамдарынын саны 186 пайызга өскөн. Үчүнчү орунга 103 пайыздык көрсөткүч менен Швециянын Мальме шаары чыкты.

Ошондой эле ондукка Италиядагы Трапани, Грециядагы Самос аралы, Кытайдын Чунцин, Вьетнамдагы Дананг, Кабо-Вердедеги Сал аралы, Финляндиядагы Киттиля жана Гватемаланын борбору кирди.

Изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган Британиянын Time Out басылмасы Бишкек саякатчыларды тоо пейзаждары, жөө жүрүштөр үчүн мүмкүнчүлүктөрү жана көчмөн маданияты менен өзүнө тартып жатканын белгилейт.

Автоторлор Кыргызстандын борборуна болгон кызыгуунун өсүшүнүн ыктымалдуу себептеринин бири катары шаардын BBC телеканалынын популярдуу Race Across the World программасында көрсөтүлгөнүн аташат. Чет элдик туристтерге сунушталган жайлардын арасында «Ала-Арча» улуттук паркы жана Ош базары эскерилет.

Муну менен катар 501 пайыздык көрсөткүч авиабилеттерди издөө сурамдарынын көбөйүшүн чагылдырат, ал эми иш жүзүндөгү туристтик агымдын же сатылган билеттердин көбөйүшүн билдирбейт.

Изилдөө 2026-жылдагы издөө жигердүүлүгүн 2025-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырат. Ушул маалыматтардын негизинде Skyscanner 2027-жылы кызыгуу өзгөчө жогору болушу мүмкүн болгон багыттарды аныктады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18