Кыргызстан дагы 18 өлкө үчүн визасыз режим киргизеби? Тизме
Кыргызстанда дагы 18 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим киргизүү, ошондой эле чет элдиктердин визасыз жүрүүсүнө уруксат берилген мөөнөттү 30 күндөн 60 күнгө чейин көбөйтүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга койду.
Документке ылайык, визасыз режимди Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, ТАР (Түштүк Африка Республикасы), Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго жана Ямайканын жарандарына жайылтуу сунушталууда.
Ошол эле учурда тиешелүү тизмеге киргизилген өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз жүрүү узактыгын өзгөртүү каралууда. Эгерде эл аралык келишимдерде башка шарттар каралбаса, ар бир 60 күндүк мезгилдин ичиндеги учурдагы 30 күндүн ордуна чет элдиктерге Кыргызстанда өлкөгө кирген учурдан тартып 120 күндүк мезгилдин ичинде жалпысынан 60 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берилет.
Негиздеме-маалымкатта учурдагы чектөөлөр Кыргызстанга узак мөөнөткө келген туристтерге, баарынан мурда бийик тоолуу экспедициялардын катышуучуларына кыйынчылыктарды жаратары белгиленген. Мисал катары Ленин, Хан-Теңири жана Жеңиш чокуларына чыгуу келтирилген. Мындай экспедициялар акклиматизация, даярдык жана жагымдуу аба ырайын күтүү зарылчылыгынан улам 45 күндөн 60 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Азыр мындай учурларда чет элдик туристтерге кошумча документтерди тариздөөгө же сапардын узактыгын кыскартууга туура келүүдө. Долбоорду иштеп чыгуучулар ошондой эле Кыргызстандын визалык саясатын коңшу мамлекеттер менен салыштырышкан.
Документте келтирилген маалыматтарга ылайык, Казакстан 80ден ашык, Өзбекстан 90дон ашык өлкөнүн жарандарына визасыз режим берет. Кыргызстанда негизги тизме 55 мамлекетти камтыйт, дагы 20 өлкө үчүн визасыз тартип өзүнчө ченемдер менен каралган.
Долбоордун авторлору визалык режимди либералдаштыруу чет элдик туристтер үчүн Кыргызстандын жагымдуулугун жогорулатууга, жаңы рыноктордон саякатчыларды тартууга жана туризм тармагынын кирешесин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет.
Ошол эле учурда уруксат берилген жүрүү мөөнөтүн көбөйтүү миграциялык каттоо, чек ара көзөмөлү жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын жокко чыгарбайт.