06:28
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Бишкекте 15-январдан баштап жол кирени жогорулатуу чечими кабыл алынды

Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылдын 15-январынан баштап жол кире тарифин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Накталай эмес төлөм менен жол кире 17 сом, ал эми накталай төлөөдө 20 сом болот.

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов белгилегендей, 20-августтан тарта коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөн.

«Бирок бизде транспорт ишканасын камсыздоо боюнча төмөндөө байкалууда, анткени жүргүнчүлөрдү автобус менен ташуунун өздүк наркы — 19,7 сом, троллейбус менен — 19,3 сом. Биз жок дегенде өздүк наркы боюнча төлөнүшүн каалайбыз. Биздин сунуш — накталай эмес төлөгөн учурда 17 сом жана накталай эсептешүүдө 20 сом болсун. Бул биз көбүрөөк акча тапкыбыз келгендиктен эмес, адамдар накталай эмес төлөмгө өтүшү үчүн жасалууда», — деди ал.

Жеке жана кичи маршруттук таксилерде тариф 20 сом болот.

Эң көп окулган жаңылыктар