02:53
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жеңиш күнүндө 6 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

6 миңден ашык милиция кызматкери 9-майдагы иш-чараларда коомдук тартипти камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Ал 1,5 миң милиция кызматкери Бишкектин аймагындагы тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, быйыл 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү болбойт. Нурлан Исмаилов мындай чечим коопсуздукту сактоо максатында кабыл алынганын айтты. Чектөө чаралары республика боюнча киргизилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума