15:52
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте айрым автобустардын каттамы өзгөрдү

Бишкекте 9-апрелден тарта № 55, № 56 жана № 226 автобустардын каттамы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул чаралар шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында ишке ашты.

№ 56 автобус Кожобергенов көчөсү менен Чоң-Арык айылына чейин барат. № 55 автобус Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Селекционное көчөлөрү менен ЖЭБ-2ге чейин жүрөт.

Ошондой эле № 226 автобустун каттамы мурдагы калыбына келтирилип, Ал Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Медеров көчөлөрү менен каттайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума