09:55
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте саат 19:00дөн тартып эки троллейбус каттамы токтотулат

Саат 19:00дөн тартып № 11 жана 17 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулуп, № 10 троллейбус № 8 кичи районуна чейин каттайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр «Асанбай» акыркы бурулуш пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыкты», — деп белгиледи мекеме.

 13-апрелден тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштайт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума