18:38
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Мэрия жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү концепциясын бекитти

Мэрия Бишкектин аймагында жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана транспорттук тыгындарды азайтуу концепциясын бекитти.

Маалыматта белгиленгендей, көпүрөлөрдү куруу, жол инфратүзүмүн модернизациялоо, жаңы жол ачуу, веложолдорду уюштуруу, атайын бөлүнгөн тилкелерди жалпы тутумга бириктирүү, бир тараптуу кыймылды уюштуруу, башаламан унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуу (саатына төлөнүүчү электрондук парковка) сыяктуу бир нече масштабдуу долбоорлор пландалууда.

Ошондой эле жол кыймылын башкаруучу автоматташтырылган системаны ишке киризүү активдүү уланууда.

2024-2030-жылдар аралыгында концепцияны ишке ашыруу аркылуу күтүлгөн натыйжалар:

  • борбор калаада жүргөн жеңил унаалардын санын 20 пайызга чейин кыскартуу;
  • транспорттук тыгындарды 30 пайызга азайтуу;
  • кесилиштерде унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 30 пайызга жогорулатуу.
  • транспорт агымынын орточо иштөө ылдамдыгын 30 пайызга жогорулатуу;
  • көчө-жол тармактары боюнча бош мейкиндикти 35-40 пайызга чейин көбөйтүү;
  • каттамдагы автобустардын орточо эксплуатациялык ылдамдыгын 30-40 пайызга жогорулатуу;
  • автобус каттамынын үзгүлтүксүздүгүнө жетишүү жана каттамдын кыймыл интервалын 80 пайызга чейин кыскартуу;
  • шаардын аймактарын коомдук транспорт менен толук камтуу;
  • шаардын калкынын коомдук транспорт менен пайдалануу деңгээлин 60-70 пайызга чейин жеткирүү (жүргүнчүлөрдүн күнүмдүк агымын орточо 700-900 миң жол жүрүүгө жеткирүү);
  • коомдук транспорттун кыймылдуу курамынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин 50 пайызга азайтуу;
  • велосипед инфратүзүмүн кеңири өнүктүрүү.
Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума