23:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чүйдө 70 гектар аянттагы чөп өрттөнүп кетти

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Казачка тоосунда 70 гектар аянттагы чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда кырсыктын себеби такталууда.

Мындан башка Аламүдүн районунун Арашан айылындагы өрттөн жайкы ашкана жана унаа күйүп кетти. Өрт ашкананын 150 чарчы метр аянтын каптап, андан тышкары «Хонда-Одиссей» (номуру 04-01ВАВ) үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Азыр өрттүн себеби такталып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар