18:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, 2 тургун денесинен күйүк алган

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, күйүк алган эки тургун ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ленин айылындагы Коммунарская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жана сарайдын жалпы 136 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1979-жылы туулган А.Д., 1980-жылы туулган Е.Д., 1940-жылы туулган В.Л. аттуу жарандар денесинен 5% күйүк алган. Тез жардам кызматкерлери тарабынан алар райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар