Жыл башынан бери Баткен облусунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыйган 4 факты катталды. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка таянсак, Баткен районунда 2, Лейлек районунда 1, Кадамжай районунда 1 жашы жете элек балдар арасында суицид болду.
Алты ай ичинде 36 өспүрүмгө карата 20 кылмыш иши козголду. 2017-жылдын январь-июнь айларында 38 өспүрүмгө карата 22 кылмыш иш козголгон.
Эске салсак, былтыркы жылы облуста 11 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.