Орозо айт 15-июнда белгиленет. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине КМДБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим Ташкентте өткөн тегерек столдо Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын диний кызматкерлери тарабынан кабыл алынды.
«Аталган 3 мамлекетте Орозо айт 15-июнда белгиленет деген чечим кабыл алынды. Бүгүн жогорку Муфтияттан мусулмандар майрамын белгилөө күнү тууралуу буйрук чыгат», -деп билдиришти КМДБнын басма сөз кызматы.