01:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент жаңы ырын 8-март алдында түркмөн аялдарына арнады

Түркмөнстанда мамлекеттик телеканал 17-мартта президент Гурбангулы Бердымухамедовдун аткаруусундагы ырлардын видеоролигин көрсөттү.

Расмий басылмалар кабарлагандай, ролик 8-мартта Эл аралык аялдар күнүнө карата өткөн салтанат учурунда жазылган. Ага кызматында, бала тарбиялоодо, коомдук жумуштарда ийгиликтерге жетишкен аялдар чакырылган.

«Ал күнү аялдардын урматына сахнада өз таланттарын белгилүү опера жана эстрада ырчылары көрсөтүштү. Бирок салтанаттын катышуучулары үчүн улут лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун ырлары камтылган видеоролик эң сонун белек болуп калды», — деп белгилейт ТДХ мамлекеттик агенттиги.

Былтыр дагы президент Бердымухамедов 8-мартка карата аялдарга ырдап берген.
Гурбангулы Бердымухамедов музыкалык талантын буга чейин эле көрсөткөн. 2011-жылы «Ак гүлдөрүм сага арналат» аттуу ырды аткарган. Мындан тышкары президент ди-джейдин ролунда болууга дагы үлгүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар