Бишкек шаарында жаш аялды бычактап өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык ИИБсынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ленин районундагы үйлөрдүн биринен 25-30 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Күбөлөрдүн айтымында, аялга он жолу бычак сайылган.
«Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды.