2017-жылы журналисттерге каршы сотко даттангандар кадыр-баркын коргоп жалпы 50 миллион сом сурашкан. Бул тууралуу бүгүнкү тегерек столдо айтылды.
Профессор Зайнидин Курмановдун айтымында, сөз эркиндиги журналисттерге гана эмес, жалпы коомго керек.
«Парламент депутаттарынын журналисттерге каршы доосу өлкөнү артка тартат» — деди ал.