USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Саясый реформалар үчүн Кыргызстан 12 миллион доллар алат

16:20, 21 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Саясый реформалар үчүн Кыргызстан 12 миллион доллар алат. Бул тууралуу Азия өнүктүрүу банкы менен келишим  Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында кесиптик-техникалык билим берүүнү бекемдөө максатында негизги саясий реформаларды колдоого жана ишке ашырууга багытталган. Аталган долбоордун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 30 млн АКШ доллары грант түрүндө каражат каралууда. Бул окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга, 5 окуу борборун тиешелүү жабдуулары менен кошо курууга жумшалат.

 

Каражаттын 12 милллиону саясый реформаларга, 18 миллиону долбоорлорду ишке ашырууга жумшалары айтылды. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18