04:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ленин ордени, мончок, кылыч.. Тарых музейинен жоголгон буюмдардын тизмеси

Тарых музейинен жоголгон экспонаттардын арасында үч Ленин ордени, эки төш белги, 20 мончок, төрт сак мезгилиндеги кылыч бар. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында Тарых музейинин директору Анаргүл Исираилова билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы экспонаттарды инвентаризациядан өткөрүшкөн. Текшерүүдөн кийин музейдин экспонаттарды сактоочу жумуштан алынды. Прокуратура тарабынан бул факты боюнча үч иш козголду.

Жыйында белгилүү болгондой, Тарых жана М.Фрунзе атындагы музейлерде экспонаттардын мамлекеттик фонду жок. Аны түзүү үчүн 10 миллион сомдой акча талап кылынат.

Эң көп окулган жаңылыктар