03:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Максим Бакиевдин коттеждери кимге сатылгандыгы текшерилет

Башкы прокуратура Максим Бакиевдин коттеждери кимге сатылгандыгын текшерет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Сапар Исаков Индира Жолдубаевага кат жолдоп, анда журналист Элнура Алканованын Максим Бакиевдин коттеждери боюнча иликтөөсүндөгү маалыматтарды текшерүүнү буйруду.

Эскерте кетсек, журналист Элнура Алканова мурдакы президент Максим Бакиевдин улутташтырылган коттеждери боюнча иликтөө жүргүзгөн. Кечээ иликтөөнүн экинчи бөлүгү жарыяланды.

Анда «Идеал Хаус» компаниясына тиешелүү аймакты «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башчысы Темир Рыскулов сатып алгандыгы айтылат. Журналисттин маалыматында, Темир Рыскулов өкмөт башчысы Сапар Исаковдун классташы жана досу.

Максим Бакиевдин «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги үйлөр салынган «Идеал Хаус» компаниясынын ээлиги 2010-жылдагы окуялардан кийин улутташтырган. Аны жакында мамлекеттик мүлк фонду 142 миллион сомго сатылганын жарыялады. Аны «ВостокТехКомплект» ишканасы сатып алды. Бул компаниянын артында мурдакы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу тургандыгы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар