12:03
+22
USD 68.46
EUR 82.09
RUB 1.19
Кыргызча

Төрөттөн өлгөн аялдын эгиздеринин абалы жакшы

Бишкек шаарындагы № 4 төрөт үйүндө набыт болгон аялдын эгиз балдарынын абалы жакшы. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине төрөткананын башкы даарыгери Бурул Алмазбекова билдирди.

Эскерте кетсек, 29-августта 26 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду.

Башкы даарыгердин айтымында, келин Россиядан келип, 27-28 аптага жеткенде гана даарыгерге кайрылган.

«Ал төрөтканага келгенде дене табы 37,4 градус болчу. Бир сааттан кийин эгиздерди төрөп, дене табы кайра көтөрүлгөн. Жекшемби күнү, анын үстүнө ахыбалы өтө деле начар эмес болгондуктан терапевт караган эмес. Даарыгерлердин күнөөсү жок деп айта албайм. Кан өтө көп кеткен. Бирок, адатта кан кетүүдөн биз аялды жоготпойт элек» — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар