19:50
USD 87.45
EUR 91.06
RUB 0.95

Тоң районундагы төрөт үйүндө кош бойлуу келин каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы төрөт үйүндө кош бойлуу аял каза болду. Бала да чарчап калган. Бул тууралуу Нурбек Саяк социалдык тармактарга билдирди.

Анын айтымында, аялдын жетинчи төрөтү болгон.

Облустук милиция окуяга комментарий берип жатып, 24.kg басылмасына 21-январда саат 03.45те Тоң районунун жандандыруу бөлүмүнөн төрөт бөлүмүнө жаткырылган аял каза болгону тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

Аталган факты катталып, иликтөө иштери башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, 45 жаштагы жаран 20-январь күнү саат 23:00дө кош бойлуулуктун 40-жумасында ичи ооруп жатканына арызданган. Текшерүүдөн кийин бейтап палатага жаткырылды.

Түнкү саат 2:00дө ажатканадан чыккандан кийин аял өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп кеткен. Кош бойлуу аял реанимацияга жаткырылды. Көп өтпөй дарыгерлер бейтаптын каза болгонун аныкташкан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар