20:59
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Ренат Самудиновду КСДПнын курултайына киргизбей жатышат

Ренат Самудиновду КСДПнын курултайына киргизбей жатышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында кабарлады.

Эскерте кетсек, буга чейин Ренат Самудинов КСДПнын ичинде праймериз өткөрүп, президенттикке талапкерди добуш берип тандоону сунуштаган. Андан кийин КСДП партиясы Ренат Самудинов жаштар канатынын жетекчиси эместигин, саясый уюмда эч кандай бөлүктөр жок экендигин маалымдаган.

Ренат Самудиновдун айтымында, филармониянын босогосунда турган кароолчулар жаш саясатчыны тизмеден тапкан жок. 

"Мен Бишкек шаарынын Октябрь районунун атынан өкүл болуп көрсөтүлгөнмүн" - дейт Ренат Самудинов.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби