15:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

КСДПнын жаштар канаты президенттин тандоосун кайра карап чыгууну сунушташууда

КСДП партиясынын жаштар канаты праймериз жүргүзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу «24.kg»  маалымат агентигине Ренат Самудинов билдирди.

Анын айтымында, партиянын бир нече мүчөсү шайлоого катышкысы келет. Андыктан саясый уюмдун ичинде добуш берүү менен бирөөнү тандап чыгуу зарыл.

«Партиянын атынан Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөнү белгилүү. Чыныбай Турсунбеков дагы ат салышууга камынып турат.  Айрымдар Сагынбек Абдырахмановду дагы сүрөт жатышат. Эгер биз добуш берүү менен чечсек, анда бул жакшы салтка айланып, башка шайлоолордо дагы калыстыкты камсыз кылып, мамлекеттик башкаруунун сапаты дагы жакшырмак», — дейт Ренат Самудинов.

Эң көп окулган жаңылыктар