23:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Шопоков көчөсүндөгү автоматташкан унаа токтоочу жайдын баасы белгилүү болду

Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүндөгү автоматташкан унаа токтоочу жайдын баасы аныкталды. Ал 40 сом болот. Бул «24.kg»МАсына мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Унаа токтоочу жай азырынча иштей элек.

Эскерте кетсек, долбоор Шопокок көчөсүнүн Москва көчөсүнөн тарта, Жибек жолуга чейинки тилкесинде жайгаштырылат. Жер Сергей Поповго ижарага берилген.

Унаа токтоочу жайда кароол болбойт. Андыктан, машина жана андагы буюмдардын коопсуздугуна эч ким жооп бербейт. Жекшемби жана майрам күндөрү унааны бекер токтотууга болот. Калган күндөрү 15 мүнөттөн ашык токтогон унаа акыны төлөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар