12:22
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстанга түз инвестициялар 27 пайыздан ашык өстү

2025-жылы Кыргызстанга түз инвестициялар 27 пайыздан ашык өсүп, 1,3 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн ШКУнун бизнес-форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди.

Ал ошондой эле 2026-жылдын башында негизги капиталга жумшалган инвестициялар 69 пайызга көбүргөнүн белгиледи.

Анын айтымында, КР аймактагы экономикалык өсүштүн эң жогорку темптеринин бирин көрсөтүүдө: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 11 пайыздан ашып, ИДП биринчи жолу 1,9 триллион сомго жетти.

«Акыркы үч жылда 12,6 миллиард долларлык 78 инвестициялык келишим жана 4,2 миллиард долларлык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 45 келишим түзүлдү. Жаңы долбоорлордун жалпы инвестициялык портфели 23 миллиард доллардан ашат», — деди аткаминер.

Кыргызстан өзүнүн инвестициялык долбоорлорун Евразиянын жаңы экономикалык архитектурасынын бир бөлүгү катары карайт. Бүгүнкү күндө аймактын экономикалык картасын өзгөртүүгө кудуреттүү стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда. Алар:

  • Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу,
  • CASA-1000,
  • Камбар-Ата-1 ГЭСи,
  • Асман акылдуу шаары жана «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластери.

Мындан тышкары Англия укугунун негизинде «Тамчы» каржы-инвестициялык аймагын иш жүзүндө ашыруу башталгандыгы айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар