Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу өз булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кызматтан кетүү боюнча арызын кароо үчүн жыйын өткөрөт.
Абдылдабек Эгембердиев Сокулуктагы № 19 округунан депутат болуп шайланып келген.
Анын мандатынан баш тартуусунун себеби белгисиз.

