19:17
USD 87.45
EUR 100.95
RUB 1.09

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы эки күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен коңшу өлкөдө «Цинмин» күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылат.

Мындан улам кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары 4-апрелде саат 20:00дөн баштап убактылуу иштебейт.

Алардын иши 6-апрелде кайра жанданат.

Эң көп окулган жаңылыктар