6—12-апрель күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Аталган ири мелдеш Азия чөлкөмүнүн күчтүү балбандарын бириктирип, «Жаштык Арена» спорттук комплексинде уюштурулат.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы:
- 55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;
- 60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
- 63 кг чейин — Автандил Таалайбек уулу;
- 67 кг чейин — Раззак Бейшекеев;
- 72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
- 77 кг чейин — Акжол Махмудов;
- 82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу;
- 87 кг чейин — Асан Жанышов;
- 97 кг чейин — Мелис Айтбеков;
- 113 кг чейин — Ким Роман.
Курама команданы башкы машыктыруучу Улукбек Карачолоков жетектейт. Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев.
Эске сала кетсек, Азия чемпионатына 350гө жакын балбан катышып, жалпысынан 30 комплект медаль ойнотулат.

