09:26
USD 87.45
EUR 100.79
RUB 1.09

Иранга кол салуу: Каза болгондордун саны 2 миң 76га жетти

28-февралдан бери уланып келе жаткан Ирандагы АКШ менен Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны 2 миң 76га жетип, ал эми жаракат алгандардын саны 26 миң 500гө жетти. Бул тууралуу Катарда жайгашкан «Аль-Жазира» телеканалы Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме жасап билдиргендигин түркиялык ЖМКлары жазды.

«Аль-Жазира» ошондой эле аймак боюнча каза болгондордун жана жаракат алгандардын санын жазган. Анда Ливанда 1 миң 345 адам, анын ичинде 125 бала каза болуп, 4 миң 40тан ашуун адам жаракат алганы, ал эми Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) 12 адам каза болуп, 169 адам жаракат алганы айтылган.

Мындан тышкары Иорданияда 20, Катарда 16 адам жаракат алганы, ал эми оккупацияланган Батыш Шериада 4, Бахрейнде 3, Сауд Арабиясында 2, Кувейтте 6, Оманда 3, Сирияда 4 жана Иракта 107ден ашык адам каза болгону айтылат.

Ал эми Израилде 28 адам каза болгону, алардын бирөөнөн башкасынын баары жайкын тургундар экени, 3 миң 223 адам жаракат алганы белгиленген. Ошондой эле Ливанда 10 израилдик аскер каза болгону жазылды.

Ал эми АКШнын 15 аскер каза болгону, 13ү согуштук аракеттерде, 2си согуштук эмес себептерден каза болгону, ошондой эле 200дөн ашык америкалык жаран жаракат алганы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар