15:28
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.08

ӨКМ башчысынын жаңы орун басарлары жааматка тааныштырылды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев борбордук аппаратка жана кызматкерлерге жаңы орун басарлары Алмазбек Асанов менен Нурбек Жумалиевди тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жаңы дайындалган жетекчилерди ӨКМдин өздүк курамына тааныштырып, алдыдагы жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле министр алардын бул түзүмдө тажрыйбасы мол экенин белгилеп, жогорку кызматты татыктуу жана ишенимдүү аткарып кете аларына ишеним артты.

Өмүр баяны: Асанов Алмазбек Аскерович

Асанов Алмазбек Аскерович 1979-жылы 28-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган.

Билими: 2002-жылы Россиянын Тамбов шаарындагы Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча аскердик университетин, 2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясын аяктаган.

Эмгек жолу: 2003-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай түзүмдөрүндө кызмат өтөп келген.

Өмүр баяны: Жумалиев Нурбек Алмазбекович

Жумалиев Нурбек Алмазбекович 1973-жылдын 25-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган.

Билими: 1996-жылы Кыргыз агрардык академиясынын Гидромелиорация факультетин аяктаган.

Эмгек жолу: Эмгек жолун 1998-жылы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын инженери кызматынан баштаган. Өзүнүн адистиги боюнча бир катар кызматтарда эмгектенип, 2007-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар түрдүү түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар