Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү кадрдык дайындоолор жана кызматтан бошотуулар боюнча жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Чүй облусунда:
Ниязбек Козуев Москва районунун акими кызматынан бошотулду;
Анын ордуна Илияз Ташбаев жаңы аким болуп дайындалды.
Жалал-Абад облусунда:
Алтынбек Бектуров Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды;
Талантбек Эдилов бул кызматтан бошотулду;
Темирболот Абыкеев Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды;
Руслан Айтбаев өз каалоосу боюнча Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотулду;
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды;
Нуртилек Орозбаев Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду;
Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматынан бошотулду;
Алмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды.
Баткен облусунда:
Бакытбек Кошалиев Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.
Нарын облусунда:
Жайнак Немат уулу Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду (ал бул кызматты 2025-жылдын июль айынан бери ээлеп келген);
Жылдызбек Беккелдиев жаңы мэр болуп дайындалды.
Кадрлар боюнча чечимдер Конституцияга жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамга ылайык кабыл алынды.

