Кыргызстанда бир сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен:
- Ысык-Көл облусунда — 4;
- Бишкек шаарында — 2;
- Чүй облусунда — 3;
- Жалал-Абад облусунда — 1;
- Нарын облусунда — 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

