Бүгүн, 12-мартта өлкө аймагындагы бардык унаа жолдорунда жана ашууларда унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда кар тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштери күнү-түнү жүргүзүшүүдө.
Учурда Ош—Сары-Таш—Эркечтам авто жолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашууларында, Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка авто жолунун Чапчыма ашуусунда, Бишкек—Ош авто жолунун Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында, Боом капчыгайында, Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунда; ошондой эле Бишкек—Нарын—Торугарт авто жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында, Тараз—Талас—Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашуусунда жана Түп—Кеген жолунда каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Белгилей кетсек, 15-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ошондой эле жолдордо муз тоңуп, тайгак болушу мүмкүн. Мындан улам айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралык сактоо сунушталат.

