Орусиянын түрмөлөрүндө 1 миң 126 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу Айбек Айдарбеков Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алардын 143 Новосибирск шаарындагы түзөтүү мекемелеринде турат.
«Биз алардын 138 менен жолугуп, маектештик. Жарандарыбыздын көпчүлүгү баңгизатка байланыштуу кылмыштар, зордуктоо, каракчылык жана алдамчылык үчүн камакка алынган. 2025-жылы 311 кыргыз жараны депортацияланган, бул депортациялангандардын жалпы санынын 7-8 пайызын түзөт. Мындай учурларда биз мүмкүн болушунча көп жарандарыбызды мекенине кайтаруу үчүн иштейбиз, алар учурда убактылуу кармоочу жайларда кармалууда», — деп билдирди Айбек Айдарбеков.
Ал белгилегендей, 2025-жылы Ички иштер министрлиги 61 кыргыз жаранын экстрадициялаган.

