08:15
USD 87.45
EUR 100.88
RUB 1.11

Кыргызстан менен Польша саясий диалогду чыңдоого макулдашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Польшанын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Войцех Зайончковский менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-польша кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алышты.

ТИМ
Фото ТИМ. Кыргызстан менен Польша саясий диалогду чыңдайт

Кыргыз тарап ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн негизи катары диалогду чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу жана туруктуу саясий диалогду жүргүзүүнүн мааниси айтылды.

Тараптар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери ортосунда жакын арада саясий консультацияларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты. Мындан тышкары. эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап ошондой эле Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027—2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоону өтүнүп, шайланган учурдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар