23—24-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцарияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кулубаев иш сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегменттерине жана Куралсыздануу боюнча конференцияга катышат.
Женева шаарында өтүүчү негизги иш-чараларга катышуу Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык жана аймактык түзүмдөрдүн алкагында Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарын жана демилгелерин илгерилетүүгө багытталган.
Сапардын алкагында Жээнбек Кулубаевдин Швейцариянын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башка жетекчилери менен сүйлөшүүлөрү пландалууда.

