13:04
USD 87.45
EUR 103.74
RUB 1.13

Кыргызстандын мектеп окуучулары жазгы каникулда бир эле күн эс алат

Жазгы каникул учурунда Кыргызстандагы мектеп окуучулары кадимки 10 күндүн ордуна бир гана күн эс алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин 2025-2026-окуу жылынын мектептик каникулдарынын графигинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, окуучулар 6-мартта окубайт. Ал эми 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодекси кабыл алынгандан кийин, өлкө боюнча январь жана май айларында узартылган каникулдар белгиленген. Бул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жазгы жана күзгү мектеп каникулдарынын узактыгы кыскартылды. Бирок, расмий өкүлдөрдүн айтымында, балдар окуу жылында дагы эле талап кылынган 30 күндүк эс алууну алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар