10:00
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Кыргыз сахна санатында жаңы барак: «Сүймөнкул» мюзикли коюлат

Улуттук филармониянын чоң сахнасында улуу ысымдын урматына арналган, драматург Акбар Кубанычбековдун калемине таандык «Сүймөнкүл» улуттук мюзикли көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Сүймөнкул» мюзикли 2026-жылдын 12—13—14—15—16—17-февраль күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Маданият министрлигинин басма сөз кызматы
Бул мюзикл — кыргыз элинин руханий байлыгын, тарыхын жана улуттук баалуулуктарын көркөм искусство аркылуу даңазалаган чоң маданий окуя. Көрүүчүлөрдү жандуу аткаруу, таасирдүү сахналаштыруу, улуттук музыка жана бий коштолгон көркөм спектакль күтөт.

Башталышы: 18:30

Билеттер: Улуттук филармониянын кассасында жана kassir.kg сайтында сатылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар